1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Экономика жана укук колледжи
  4. Жаңылыктар

2 недели назад

148

Эне тилим- элимдин руханий байлыгы

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тил күнүнө карата Экономика жана укук колледжи тарабынан уюштурулган "Эне тилим- элимдин руханий байлыгы" аталышындагы көркөм сүрөт көргөзмөлүү маданий иш чара болуп өттү. Маданий иш чараны Экономика жана укук колледжинин директору э.и.к. А.М. Жороева ачып берип, куттуктоо үчүн сөз мамлекеттик тил, социалдык жана тарбия иштери боюнча проректор А.Т. Маматумаровго жана мамлекеттик тил бөлүмүнүн башчысы Кайкыева Улпат Тагайбековнага берилди. Көркөм сүрөт маданий иш чарада 1-2-курстардын студенттери тарабынан дубал газеталар даярдалып, презентация жасашты.

Ар бир сүрөт — өз алдынча бир аңгеме. Кимдир бирөө кыргыз жеринин кооз табиятын, кимдир бирөө элдик каада-салтты, дагы бирөөлөр эне тилибиздин байлыгын, анын арибин, сөзүн символдук түрдө чагылдырышты. Мына ушул ар кандай көз караштардын, ар түрдүү стилдердин биримдиги көргөзмөнү өзгөчө кызыктуу жана мазмундуу кылды.

Калыстар тобу ар бир иштин үстүндө кылдаттык менен иштеп, чыгармалардын идеясын, аткаруу чеберчилигин, композициясын терең баалады. Бул — жеңил эмгек эмес, себеби ар бир студент өз жүрөгүнүн бир бөлүгүн полотнонун же барактын бетине түшүргөн.

Жеңүүчүлөргө куттуктоолор айтылып, Ардак грамота жана Дипломдор тапшырылды

Уюштуруучулар: Экономика жана укук колледжинин Жалпы билим берүү ПЦКсынын окутуучулары