1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Экономика жана укук колледжи
  4. Жаңылыктар

2 недели назад

31

СТУДЕНТТЕРДИН ӨНДҮРҮШТҮК ПРАКТИКАСЫН УЮШТУРУУ ИШТЕРИ ЖҮРГҮЗҮЛДҮ

         Экономика жана укук колледжинин «Каржы (тармактары боюнча)», «Салык жана салык салуу», «Экономика жана бухгалтердик эсеп», «Социалдык иш» жана «Укук таануу»адистиктеринин 3-курсунун студенттери жаңы окуу жылынын окуу графигине ылайык  өндүрүштүк практикага жөнөтүлүп, тиешелүү мекеме-ишканаларга жана уюмдарга ийгиликтүү жайгаштырылды.

       Студенттер практика өтөөчү базаларга тиешелүү буйруктун негизинде адистиктерине ылайык бөлүштүрүлүп, практика жетекчилери бекитилди. Практика базалары студенттердин кесиптик даярдыгын өркүндөтүүгө жана теориялык билимдерин иш жүзүндө колдонууга мүмкүнчүлүк түзгөн мекеме-ишканалардан жана уюмдардан тандалды.

       Практика учурунда студенттер өз адистиктерине ылайык мекеме-ишканалардын жана уюмдардын ишмердүүлүгү менен таанышып, кесиптик милдеттерди аткаруу, иш кагаздарын жүргүзүү, маалыматтарды топтоо жана талдоо, практикалык тапшырмаларды аткаруу боюнча тажрыйба топтошот.

        Өндүрүштүк практиканын жүрүшүндө студенттер практика программасында белгиленген тапшырмаларды аткарып, практика күндөлүгүн жүргүзүшөт, тиешелүү практикалык материалдарды топтошот, өз алдынча изилдөө иштерин жүргүзүшөт жана практика жыйынтыгы боюнча отчет даярдашат.

         Практика жетекчилери тарабынан студенттерге методикалык жана уюштуруучулук жардам көрсөтүлүп, алардын практикадан өтүү тартибинин сакталышы, берилген тапшырмалардын аткарылышы жана отчеттук документтердин талапка ылайык жүргүзүлүшү көзөмөлдөнөт.

         Өндүрүштүк практиканын жыйынтыгында студенттердин теориялык билимдерин практикалык ишмердүүлүк менен айкалыштыруу, өз алдынча иш алып баруу, кесиптик милдеттерди аткаруу жана мекеме-уюмдардын иш процессине ыңгайлашуу боюнча практикалык көндүмдөрүн өркүндөйт.