1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Экономика жана укук колледжи
  4. Жаңылыктар

2 недели назад

33

«БИЛИМДЕН — ТАЖРЫЙБАГА»: 3-КУРСТУН СТУДЕНТТЕРИ ӨНДҮРҮШТҮК ПРАКТИКАГА АТТАНЫШТЫ

        Экономика жана укук колледжинин «Каржы (тармактары боюнча)», «Салык жана салык салуу», «Экономика жана бухгалтердик эсеп», «Социалдык иш» жана «Укук таануу» адистиктеринде билим алып жаткан 3-курстун студенттери жаңы окуу жылынын окуу графигине ылайык 6 жумалык өндүрүштүк практикага жөнөтүлдү.

        Студенттерди өндүрүштүк практикага сапаттуу даярдоо максатында практика алдында уюштуруу конференциялары өз убагында өткөрүлдү. Конференцияларга ЖАМУнун Өндүрүштүк практика жана карьера бөлүмүнүн башкы инспектору Н.С. Жолдошалиева, ЭУКтун директору А.М. Жороева, ЭУКтун өндүрүштүк практика жана карьера жетекчиси А.К. Калмурзаева, ошондой эле аталган адистиктер боюнча практика жетекчилери катышты.

        Конференцияны ЭУКтун директору А. Жороева ачып, студенттерге өндүрүштүк практиканын кесиптик даярдыктагы маанилүү ролун белгилеп, практика мезгилинде теориялык билимди иш жүзүндө колдонууга, эмгек тартибин сактоого, жоопкерчилик менен мамиле кылууга жана мекеме-ишканалардын ички тартибине ылайык иш алып барууга чакырды.

       Андан соң сөз ЖАМУнун Өндүрүштүк практика жана карьера бөлүмүнүн башкы инспектору Н.С. Жолдошалиевага берилип, ал студенттерге өндүрүштүк практиканын максаты жана милдеттери, өтөө тартиби, студенттердин укук-милдеттери, эмгек жана коопсуздук эрежелери, практика учурундагы жоопкерчиликтер, ошондой эле отчеттук документтерди даярдоо талаптары тууралуу кеңири маалымат берди.

       Андан кийин ЭУКтун өндүрүштүк практика жана карьера жетекчиси А.К. Калмурзаева сөз сүйлөп, студенттерге өндүрүштүк практиканын өзгөчөлүктөрү, практика программасында каралган тапшырмаларды аткаруу тартиби, практика күндөлүгүн туура жана үзгүлтүксүз толтуруу, практика боюнча отчетту даярдоо, отчетко тиркелүүчү документтерди иретке келтирүү жана тиркемелерди талапка ылайык түзүү боюнча кеңири түшүндүрмө берди. Ошондой эле студенттердин практика мезгилиндеги өз алдынча илимий изилдөө иштерине, практикалык материалдарды топтоого, маалыматтарды талдоого жана алган тажрыйбасын жыйынтыктап, кесиптик тыянак чыгарууга өзгөчө көңүл бурулду.

         Мындан тышкары, практика жетекчилери тарабынан студенттерге отчетту даярдоодо тактыкка, сабаттуулукка, берилген маалыматтардын ишенимдүүлүгүнө жана документтерди белгиленген талаптарга ылайык тариздөөгө көңүл буруу зарылдыгы белгиленди. Практика учурунда аткарылган иштерди күндөлүккө өз убагында жазып туруу жана топтолгон практикалык материалдарды отчетто туура чагылдыруу боюнча сунуштар берилди.

Конференциянын соңунда практика жетекчилери студенттердин суроолоруна жооп берип, практика учурунда кездешүүсү мүмкүн болгон маселелер боюнча тиешелүү түшүндүрмөлөрдү беришти. Студенттер өздөрүн кызыктырган суроолорду берип, практикадан өтүүнүн тартиби, отчеттук документтерди даярдоо жана практикалык тапшырмаларды аткаруу боюнча керектүү маалыматтарды алышты.

Мындай уюштуруу конференциялары студенттерди өндүрүштүк практикага алдын ала даярдап, алардын практика мезгилиндеги жоопкерчилигин жогорулатууга жана «билимден — тажрыйбага» карай ишенимдүү кадам таштоосуна өбөлгө түзөт.

«БИЛИМДЕН — ТАЖРЫЙБАГА»: 3-КУРСТУН СТУДЕНТТЕРИ ӨНДҮРҮШТҮК ПРАКТИКАГА АТТАНЫШТЫ.