1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Экономика жана укук колледжи
  4. Жаңылыктар

2 недели назад

37

15-Сентябрь — Билим күнү: улуттук дем, өнүгүүгө карай жол

Билим — келечекке жол ачкан күч, ал эми жаштар — өлкөнүн туруктуу өнүгүүсүнүн негизги кыймылдаткычы, деген принциптер менен

2026-2027-окуу жылынын 15-сентябрь Билим күнүнө карата Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун экономика жана укук колледжининин  БЭК-3-24 тайпасынын  куратору  Айдарбекова Анарбү Жоконовна тарабынан “Улуттук дем, уңгу жол жана туруктуу өнүгүү» темасында тарбиялык саат өткөрүлдү.

Тарбиялык сааттын жүрүшүндө Кыргыз Республикасында асманды, жерди, абаны, сууну, адамды жана коомду дүйнөлүк, заманбап адистерди даярдоодо,мугалимдердин түйшүктүү эмгегин өзгөчө айтып өтүү менен студенттерди жаңы окуу жылынын башталышы менен куттуктап, багыттар жөнүндө маалыматтар берилди.

Иш-чаранын жүрүшүндө төмөнкү багыттарга өзгөчө көңүл бурулду:

Кесиптик багыт алуу жана билим алууга жоопкерчиликтүү мамиле кылуу;

Окуу жайдын ички тартип эрежелерин сактоо жана студенттик маданиятты калыптандыруу;

Тайпадагы ынтымак, өз ара сый-урмат, колдоо жана активдүүлүк;

Улуттук баалуулуктарды урматтоо менен заманбап билимге умтулуу;

Өзүн-өзү өнүктүрүү жана туруктуу келечекке салым кошууга даяр болуу.

Жылуу жана ачык маанайда өткөн тарбиялык саат студенттер үчүн жаңы окуу жылына дем берген маанилүү тарбиялык саат болду. Студенттер өз максаттарын тактап, билимге умтулуу, жоопкерчилик жана биримдик менен алдыга кадам таштоо зарылдыгын белгилешти.

Билимдүү жаш — улуттун үмүтү. Ынтымактуу жаштар — өлкөнүн күчү. Максаттуу кадамдар — туруктуу өнүгүүнүн башаты-деген девизди туу тутуп,келечекте мыкты кесип ээлери болуу үчүн көп окуп,татыктуу билим алып,өлкөбүзгө пайдасы тие турган кесип ээлери болоору жөнүндө өздөрү да ой-пикирлерина йтышты.

Жаңы окуу жылы БЭК-3-24 тайпасы үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдүн, бийик максаттардын жана жаркын ийгиликтердин жылы болсун!

Билимге умтулуп, улуттук баалуулуктарды туу тутуп, келечекти бирге куралы!