1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Экономика жана укук колледжи
  4. Жаңылыктар

2 недели назад

37

ТАЗАЛЫК — ЖАЛПЫБЫЗДЫН ЖООПКЕРЧИЛИГИБИЗ

Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Экономика жана укук колледжинде республикалык деңгээлдеги ишембилик өткөрүлдү.

Ишембилик — айлана-чөйрөнү тазалоо менен гана чектелбестен, коомдук жоопкерчиликти, биримдикти жана мекенчилдикти бекемдөөгө багытталган маанилүү иш-чара. Колледждин окутуучулары, кызматкерлери жана студенттери биргеликте окуу жайдын аймагын көрктөндүрүп, тазалык иштерине активдүү катышышты.

Мындай иш-чаралар жаштарды эмгекке, тартипке жана жаратылышка аяр мамиле кылууга үндөп, «Таза аймак — таза коом!» деген түшүнүктүн маанисин дагы бир ирет айгинелейт.

Тазалык — бир күндүк иш эмес, ар бирибиздин күнүмдүк маданиятыбыз жана жалпы жоопкерчилигибиз!