1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Экономика жана укук колледжи
  4. Жаңылыктар

1 месяц назад

55

1-курс студенттеринин ата-энелери менен жолугушуу өткөрүлдү

Экономика жана укук колледжинде 2025–2026-окуу жылынын жыйынтыгы боюнча жыйынтык баасы чыгарылбай калган 1-курс студенттеринин ата-энелери менен жолугушуу өткөрүлдү. Жолугушууга колледждин директору А.А. Ташматова, кураторлор, ата-энелер жана тиешелүү кызматкерлер катышышты.

Жолугушуунун негизги максаты – жыйынтык баасы чыгарылбай калган студенттердин окуудагы абалын талдоо, сабактарды көп калтыруунун себептерин аныктоо жана аларды жоюу боюнча биргелешкен иш-чараларды белгилөө болду.

Жыйындын жүрүшүндө ар бир студенттин сабакка катышуусу, окуу дисциплинасын сактоосу жана жыйынтык баасынын чыгарылбай калышына алып келген жагдайлар кеңири каралды. Ата-энелерге колледждин ички тартип эрежелери, студенттердин окууга болгон жоопкерчилиги жана сабактарга үзгүлтүксүз катышуунун мааниси тууралуу түшүндүрмөлөр берилди.

Колледждин директору А.А. Ташматова өз сөзүндө студенттин билим алуусунда ата-эне менен окуу жайдын тыгыз кызматташуусу өзгөчө маанилүү экенин белгилеп, ар бир ата-энени балдарынын окуусуна жана тартибине үзгүлтүксүз көзөмөл жүргүзүүгө чакырды. Ошондой эле студенттердин жыйынтык бааларынын өз убагында чыгарылышы алардын окууга болгон жоопкерчилигине жана сабактарга туруктуу катышуусуна түздөн-түз байланыштуу экендигин баса белгиледи.

Жолугушуунун соңунда ата-энелер тарабынан берилген суроолорго жооптор берилип, студенттердин окуудагы кемчиликтерин жоюу, сабакка катышуусун жакшыртуу жана жыйынтык бааларынын өз убагында чыгарылышын камсыздоо боюнча ата-энелер, кураторлор жана колледж администрациясы биргелешип иш алып баруу тууралуу макулдашууга келишти.

Мындай жолугушуулар студенттердин окууга болгон жоопкерчилигин жогорулатууга, ата-эне менен колледждин өз ара кызматташтыгын чыңдоого жана билим берүүнүн сапатын жакшыртууга багытталган маанилүү иш-чаралардын бири болуп саналат.