1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Экономика жана укук колледжи
  4. Жаңылыктар

1 месяц назад

67

Арстанбапка ийгиликтүү эс алуу сапары

Экономика укук колледжинин жамааты коомдук кесиптик комитеттин колдоосу менен өлкөбүздүн кооз жерлеринин бири болгон Арстанбап жаратылышына эс алуу сапарын уюштуруп, ийгиликтүү барып келишти.

Бул сапардын негизги максаты – мугалимдердин ден соолугун чыңдоо, эмгек жамаатынын ынтымагын бекемдөө жана жаңы окуу жылына күч-кубат топтоо болду. Катышуучулар Арстанбаптын кооз жаратылышына суктанып, таза абадан дем алып, атактуу жаңгак токойлорун, шаркыратмаларды көрүп, жагымдуу таасирлерге ээ болушту.

Эс алуу учурунда окутуучулар бири-бири менен жылуу баарлашып,даамдуу тамак сызышып көңүлдүү убакыт өткөрүштү. Мындай иш-чаралар жамааттын биримдигин чыңдап, эмгекке болгон шыкты арттырууга чоң өбөлгө түзөт.

Колледждин жалпы жамааты тарабынан коомдук кесиптик комитетке уюштуруучулук колдоосу үчүн терең ыраазычылык билдиришти.