1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Экономика жана укук колледжи
  4. Жаңылыктар

1 месяц назад

69

Экономика жана укук колледжинин директорунун жылдык отчету угулду

Экономика жана укук колледжинде 2026-жылдын 12-июнундагы №149 буйруктун негизинде 2025–2026-окуу жылынын жыйынтыгы боюнча колледждин директору А.А. Ташматованын жылдык отчетун угуу боюнча комиссиянын отуруму болуп өттү.

Жыйынга ЖАМУнун мамлекеттик тил, социалдык жана тарбия иштери боюнча проректору А.Т. Маматумаров, окуу бөлүмүнүн инспектору З.Р. Суюнбаева, колледждин директору, окутуучулар жана эмгек жамааты катышты.

Жылдык отчетто окуу процессин уюштуруу, профессордук-окутуучулук курамдын ишмердүүлүгү, студенттердин контингенти жана жетишүүсү, окуу-усулдук иштер, материалдык-техникалык база, эл аралык кызматташтык жана академиялык мобилдүүлүк, өндүрүштүк жана окуу практикалары, тарбиялык, илимий жана инновациялык иштер, ошондой эле жетишкендиктер жана алдыдагы милдеттер боюнча кеңири маалымат берилди.

Отурумдун жыйынтыгында комиссия жана катышуучулар директордун 2025–2026-окуу жылындагы ишмердүүлүгү боюнча жылдык отчетун эң жакшы деп баалап, жетишилген ийгиликтерди бекемдөө жана айтылган сунуштарды кийинки окуу жылында ишке ашыруу боюнча тиешелүү чечим кабыл алышты.

Добуш берүүнүн жыйынтыгы:

• «Макул» – 49;

• «Каршы» – 0;

• «Калыс» – 1.