1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Экономика жана укук колледжи
  4. Жаңылыктар

2 месяца назад

66

Ийгиликтүү бүтүрүүчүлөр – колледждин сыймыгы

Экономика жана укук колледжинин Укук таануу адистигинин бүтүрүүчүлөрү менен колледждин директору жана окутуучулар жамаатынын жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушууга учурда мамлекеттик кызматтарда ийгиликтүү эмгектенип жаткан бүтүрүүчүлөр – Мырзакасымов Мухаммедали Арзыкулович, Жалал-Абад облусунун Манас шаардык Аскер комиссариатынын 4-бөлүмчөсүнүн башчысынын улук жардамчысы, ошондой эле УТк-3-20 тайпасынын бүтүрүүчүсү Якубова Чарос Сейитбековна, Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Жалал-Абад регионалдык башкармалыгынын катчысы катышышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө бүтүрүүчүлөрдүн бүгүнкү жетишкендиктери, мамлекеттик кызматтагы ишмердүүлүгү жана кесиптик өсүү жолдору тууралуу сөз болуп, берилген анкеталарды толтурушту . Колледждин директору менен окутуучулар алардын ийгиликтерине жогору баа берип, окуу жайдын аброюн көтөрүп жаткандыктары үчүн ыраазычылык билдиришти.

Өз кезегинде бүтүрүүчүлөр да өздөрүнүн кесиптик калыптанышында колледжде алган билимдин, окутуучулардын эмгегинин жана тарбиясынын орду чоң экенин белгилешип, сүйүктүү окуу жайына терең ыраазычылыктарын билдиришти.

Жылуу маанайда өткөн жолугушуу эскерүүлөр, пикир алмашуулар жана келечектеги кызматташтык тууралуу сунуштар менен коштолуп, колледж менен бүтүрүүчүлөрдүн байланышын дагы да бекемдеген маанилүү иш-чаралардын бири болду.