1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Экономика жана укук колледжи
  4. Жаңылыктар

2 месяца назад

68

Экономика жана укук колледжинде жылдык отчеттор угулду

Экономика жана укук колледжинде 2025–2026-окуу жылынын жыйынтыгы боюнча отчеттук жыйын өткөрүлдү. Жыйында предметтик-циклдик комиссиялардын жетекчилери М.Ж. Асанова жана Н.Н. Сатымкулова, окуу иштери боюнча инспектор Ж.А. Орозова, ошондой эле аскерге чейинки даярдык (АЧД) жана дене тарбия боюнча жетекчи С. Карыбаев, өндүрүштүк практика жана карьера жетекчиси Н. А. Айылчиева,  Укук таануу ПЦКсынын жетекчиси Г.А. Доноева жана Экономика ПЦКсынын жетекчиси З. М. Ахмедовалар   өздөрүнүн жыл ичинде аткарган иштери боюнча кеңири маалымат беришти.

Отчеттордо окуу-тарбия иштеринин уюштурулушу, студенттердин жетишкендиктери, усулдук иштер, тарбиялык жана спорттук иш-чаралардын жыйынтыктары, ошондой эле окуу процессин жакшыртуу боюнча жүргүзүлгөн иштер чагылдырылды.

Колледждин администрациясы тарабынан отчеттор талкууланып, аткарылган иштерге оң баа берилди. Ошону менен бирге жаңы окуу жылында билим берүүнүн сапатын жогорулатуу, студенттердин практикалык көндүмдөрүн өнүктүрүү жана окуу-тарбия иштерин мындан ары өркүндөтүү боюнча тиешелүү сунуштар жана милдеттер белгиленди.