1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Экономика жана укук колледжи
  4. Жаңылыктар

2 месяца назад

53

Манас шаардык сотунда  жумуш ордунда окутуу жана таанышуу иш-чарасы өткөрүлдү

2026-жылдын 23-июнь күнү Б. Осмонов атындагы ЖАМУнун Экономика жана укук колледжинин «Укук таануу» адистигинин УТК-5-25 жана УТК-8-25 тайпаларынын студенттери үчүн Манас шаардык сотунда  жумуш ордунда окутуу жана таанышуу иш-чарасы өткөрүлдү.

Иш-чаранын жүрүшүндө биринчи курстун студенттери соттун түзүмү жана ишмердүүлүгү менен таанышышты. Алар жарандык жана кылмыш иштери боюнча сот процесстерине катышып, сот өндүрүшүнүн жүрүшүнө байкоо жүргүзүштү. Бул студенттерге теориялык билимдерин практика менен айкалыштырып, сот тутумунун ишин жакындан түшүнүүгө мүмкүнчүлүк берди.

Ошондой эле шаардык соттун судьясы А.Б. Ахматов студенттер үчүн лекция окуп, сот бийлигинин ишмердүүлүгү, судьянын жоопкерчилиги жана юридикалык кесиптин өзгөчөлүктөрү тууралуу кеңири маалымат берди. Жолугушуу суроо-жооп форматында өтүп, студенттер өздөрүн кызыктырган суроолоруна жооп алышты.

Өзгөчө белгилей кетүүчү жагдай, бул иш-чара студенттердин кесипке болгон кызыгуусун арттырып, алардын тандаган адистигине болгон ынтызарлыгын жана таанып-билүүгө болгон кызыгуусун күчөттү. Сот процессине түз катышуу жана судья менен баарлашуу студенттердин укуктук тармакка болгон түшүнүгүн тереңдетүүгө өбөлгө түздү.

Мындай жумуш ордунда окутуу студенттердин теориялык билимдерин бекемдөөгө, практикалык көндүмдөрүн өнүктүрүүгө жана келечектеги кесиптик ишмердүүлүккө даярдоого чоң салым кошот.

Иш-чараны Экономика жана укук колледжинин окутуучусу А. Таштемирова уюштуруп, коштоп барды.

Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун Экономика жана укук колледжи Манас  шаардык соттун жамаатына жана судья А.Б. Ахматовго студенттерге көрсөткөн колдоосу жана баалуу маалыматтары үчүн терең ыраазычылык билдирет.