1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Экономика жана укук колледжи
  4. Жаңылыктар

2 месяца назад

61

Бүтүрүүчү менен маек: Укук жаатындагы алгачкы кадамдар жана келечек максаттар

Экономика жана укук колледжинин УТк-3-21 тайпасынын бүтүрүүчүсү А.С. Кеңешова менен маек өткөрүлдү. Маекти Укук таануу адистигинин практика жетекчиси Б. Жусупбекова жүргүздү. Маектин максаты-бүтүрүүчүнүн окуу мезгилиндеги жетишкендиктери, өндүрүштүк практикадан алган тажрыйбасы, кесиптик калыптануусу жана келечектеги пландары тууралуу маалымат алуу, ошондой эле учурдагы студенттерге мотивация берүү.

Эмне үчүн Укук таануу адистигин тандадыңыз?

Жооп: Мыйзамдарды үйрөнүүгө жана адамдардын укуктарын коргоого кызыгуум чоң болгондуктан ушул адистикти тандадым. Укук тармагы коом үчүн өтө маанилүү экенин түшүнүп, келечекте өз салымымды кошууну максат кылдым.

Өндүрүштүк практика сизге кандай тажрыйба берди?

Жооп: Практика учурунда документтер менен иштөө, жарандардын кайрылууларын кароо жана укуктук маалыматтарды талдоо боюнча тажрыйба топтодум. Теориялык билимимди практикада колдонууга мүмкүнчүлүк алдым.

Колледжде алган билимиңиздин эң чоң артыкчылыгы эмнеде болду?

Жооп: Эң негизги артыкчылык – кесиптик билим менен бирге баарлашуу, командада иштөө жана жоопкерчиликтүү болуу сыяктуу көндүмдөрдүн калыптанышы болду.

Келечектеги пландарыңыз кандай?

Жооп: Жогорку окуу жайында билимимди улантып, укук тармагында кесипкөй адис болууну көздөйм. Мыйзамдуулукту камсыз кылууга жана жарандардын укуктарын коргоого салым кошууну каалайм.

Азыркы студенттерге кандай кеңеш берет элеңиз?

Жооп: Ар бир мүмкүнчүлүктү туура пайдаланып, билим алууга жоопкерчилик менен мамиле кылуу керек. Практикалык иштерге активдүү катышып, өзүн-өзү өнүктүрүүгө аракеттенүү зарыл.

Маектин жүрүшүндө А.С. Кеңешова колледжде алган билими жана өндүрүштүк практикасы анын кесиптик багытын аныктоодо чоң роль ойногонун белгиледи. Ал укук таануу адистиги терең билимди, жоопкерчиликти жана үзгүлтүксүз өзүн өнүктүрүүнү талап кыларын белгилеп өттү. Бүтүрүүчүнүн ийгиликке болгон умтулуусу жана келечекке болгон ишенимдүү көз карашы азыркы студенттер үчүн жакшы үлгү болуп саналат. Экономика жана укук колледжинин бүтүрүүчүлөрү өлкөбүздүн өнүгүшүнө өз салымын кошо турган мыкты адистерден болоруна ишеним чоң.