1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Экономика жана укук колледжи
  4. Жаңылыктар

2 месяца назад

62

Бүтүрүүчүлөрдүн карьералык даярдыгын жогорулатууга багытталган семинар өтүлдү

Экономика жана укук колледжинде бүтүрүүчү студенттер үчүн «Резюме жана өмүр баян түзүү, жумшак көндүмдөрдү өнүктүрүү жана онлайн жумуш издөө платформалары менен иштөө» аталышындагы семинар уюштурулду.

Семинарды колледждин өндүрүштүк практика жана карьера боюнча жетекчиси Н. А. Айылчиева өткөрдү. Иш-чаранын жүрүшүндө студенттерге заманбап талаптарга жооп берген резюме жана өмүр баян даярдоонун эрежелери түшүндүрүлүп, иш берүүчүлөр тарабынан жогору бааланган жумшак көндүмдөрдү өнүктүрүүнүн мааниси тууралуу кеңири маалымат берилди. Ошондой эле катышуучулар онлайн жумуш издөөчү платформалар жана мобилдик тиркемелер менен иштөөнүн практикалык жолдору менен таанышышты.

Семинардын максаты – бүтүрүүчүлөрдүн эмгек рыногунда атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу, жумушка орношуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү жана карьералык пландаштыруу боюнча практикалык билимдерди берүү болуп саналат.

Семинардын жыйынтыгында студенттер резюме жана өмүр баян жазуунун негизги талаптарын өздөштүрүп, жумуш издөөдө санариптик ресурстарды натыйжалуу пайдалануу боюнча көндүмдөргө ээ болушту. Мындан тышкары, кесиптик баарлашуу, командада иштөө, өзүн-өзү тааныштыруу жана убакытты туура башкаруу сыяктуу жумшак көндүмдөрдүн эмгек рыногундагы маанисин терең түшүнүштү. Семинар бүтүрүүчүлөрдүн келечектеги кесиптик ишмердүүлүгүнө ийгиликтүү багыт берүүчү пайдалуу аянтча болду.