1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Экономика жана укук колледжи
  4. Жаңылыктар

2 месяца назад

57

Практиканын жыйынтыгы чыгарылып, жетекчилердин отчеттору угулду

2026-жылдын 19-июнунда Экономика жана укук колледжинде Укук таануу жана социалдык иш ПЦКларынын практика жетекчилеринин жылдык отчетторун угуу жыйыны болуп өттү.

Жыйынга ЖАМУнун карьераны өнүктүрүү жана өндүрүштүк практиканы уюштуруу бөлүмүнүн адиси   Н. С. Жолдошалиева, ЭУКтун директору А. А. Ташматова, колледждин өндүрүштүк практика жана карьера жетекчиси Н. А. Айылчиева жана практика жетекчилери катышышты.

Отчеттордо студенттердин окуу -таанышуу, өндүрүштүк жана мамлекеттик  практикаларды өтүүсүнүн жыйынтыктары, практиканын жүрүшүндө аткарылган иштер, жетишкендиктер жана алдыдагы милдеттер тууралуу кеңири маалымат берилди. Катышуучулар тарабынан отчеттор талкууланып, практиканы уюштуруунун сапатын мындан ары жогорулатуу боюнча сунуш-пикирлер айтылды.

Жыйындын жыйынтыгында практика жетекчилеринин жылдык отчеттору канааттандырарлык деп табылып, алардын студенттердин кесиптик даярдыгын чыңдоого кошкон салымы жогору бааланды. Практиканын сапаттуу уюштурулушу болочок адистердин кесиптик компетенттүүлүгүн калыптандырууда маанилүү орун ээлери белгиленди.