1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Экономика жана укук колледжи
  4. Жаңылыктар

2 месяца назад

59

Жыл жыйынтыктоочу ата-энелер жыйыны

2025-2026-окуу жылынын жыйынтыгы менен ЭУКтун ЖББ ПЦКсында  майрамдык маанайда жыйынтыктоочу ата-энелер жыйыны  болуп өттү. Жыйындын  максаты: окуу жылынын аякташын жыйынтыктоо студенттердин билимдеги, чыгармачылыктагы жана коомдук иштердеги жетишкендиктерин ата-энелер менен биргеликте талдоо жана окуу жай менен үй-бүлөнүн ортосундагы ишенимдүү өнөктөштүктү бекемдөө. ЖББ ПЦКсынын башчысы М. Ж. Асанова ата-энелерге бир жылдык отчет берүү  менен студенттердин жетишкен ийгиликтери менен бөлүштү. Жыйын  концерттик программа менен коштолду. Ата-энелер менен жолугушууда бир жыл бою студенттер менен чогуу баскан жолубузду, биргелешкен эмгегибизди жана студенттердин ар бир ийгилигин майрамдаган өзгөчө иш чара  болду.

Иш чаранын  соңунда активдүү, үлгүлүү студенттердин ата-энелерине ыраазычылык каттар тапшырылды. Ал эми ата -энелер окутуучуларга ыраазычылык билдирип, жакшы каалоо, тилектерди айтышты.