1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Экономика жана укук колледжи
  4. Жаңылыктар

2 месяца назад

57

ЖАМУда лицензиялык текшерүү жүргүзүлдү

2026-жылдын 18-июнунда Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Экономика жана укук колледжинде лицензиялык комиссия тарабынан текшерүү жүргүзүлдү.

Текшерүүнүн жүрүшүндө колледждин «Электрондук коммерция» орто кесиптик билим берүү программасынын лицензиялык талаптарга шайкештиги бааланды. Комиссия окуу-материалдык базаны, окуу-усулдук камсыздоону, педагогикалык кадрлардын курамын жана билим берүү процессин уюштурууну карап чыгып, белгиленген талаптарга ылайык келерин аныктады.

Жыйынтыгында комиссия аталган программа боюнча билим берүү ишмердүүлүгүн жүргүзүүгө лицензия берүү сунушун колдоду.