1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Экономика жана укук колледжи
  4. Жаңылыктар

3 месяца назад

100

Бүтүрүүчүлөр мамлекеттик аттестациядан өтүүдө

Экономика жана укук колледжинин 2025–2026-окуу жылына карата бекитилген окуу графигине ылайык, 18-июндан тартып бүтүрүүчү курстун студенттери дисциплиналар аралык мамлекеттик аттестацияны тапшырууда.

Учурда бүтүрүүчүлөр «Кыргыз тили жана адабияты», «Кыргызстандын тарыхы» жана «Кыргызстандын географиясы» дисциплиналары боюнча мамлекеттик сынактан өтүп жатышат. Аттестацияны тапшыруунун  максаттары студенттердин окуу мезгилинде алган билимдерин комплекстүү баалоо, теориялык даярдыгынын деңгээлин аныктоо жана кесиптик компетенттүүлүгүн текшерүү болуп саналат.

Мамлекеттик аттестация студенттердин өз алдынча ой жүгүртүү жөндөмүн, билимди практикада колдоно билүүсүн жана өлкөнүн тарыхы, маданияты, тили менен географиясы боюнча алган билимдеринин деңгээлин аныктоого багытталган. Сынактар белгиленген талаптарга ылайык уюштурулуп, ачык-айкын жана калыс өткөрүлүүдө.

Колледж жамааты бүтүрүүчүлөргө мамлекеттик аттестацияны ийгиликтүү тапшырып, келечектеги кесиптик жолунда чоң жетишкендиктерди каалайт.