1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Экономика жана укук колледжи
  4. Жаңылыктар

2 месяца назад

75

Бош жумуш орундар жарманкеси

ЖАМУнун экономика жана укук колледжинде бүтүрүүчүлөрдү иш менен камсыз кылуу максатында иш берүүчүлөр менен түз байланыш түзүү жана эмгек рыногундагы кадрларга болгон муктаждыкты канааттандыруу багытында бош жумуш орундар жарманкеси уюштурулду.

Жарманкенин алкагында 10дон ашуун мамлекеттик жана жеке ишканалардын өкүлдөрү өздөрүнүн ишмердүүлүгүн кеңири тааныштырып, бош жумуш орундарын сунушташты. Ошондой эле катышуучулар иш берүүчүлөр менен түздөн-түз баарлашып, маектешүүдөн өтүүгө, эмгек шарттары жана карьералык мүмкүнчүлүктөр тууралуу кеңири маалымат ала алышты.

Мында иш берүүчүлөр үчүн таланттуу, билимдүү жана келечектүү жаш адистерди тандоого ыңгайлуу аянтча болсо, бүтүрүүчүлөр үчүн өздөрүнүн кесиптик мүмкүнчүлүктөрүн баалоого, эмгек жолун туура баштоого жана келечектеги карьерасынын бекем пайдубалын түптөөгө шарт түзүлдү.