1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Экономика жана укук колледжи
  4. Жаңылыктар

2 месяца назад

88

ТӨМдүн алкагында студент кыздар менен профилактикалык жолугушуу

Экономика жана укук колледжинин 9-база 1-курсунун студент кыздары менен Манас ШИИБдин КККнын ЖИИнин аймактык тескөөчүлөрү, милициянын капитандары Аселя Кабыловна Ниязова жана Дарыя Дилдебаева жолугушуу өткөрүштү.

Жолугушууда студенттерге мыйзамдуулукту сактоо, укук бузуулардын алдын алуу, кыздардын укуктарын коргоо жана коопсуз жүрүм-турум эрежелери тууралуу маалымат берилди. Иш-чараны колледждин директору А.А. Ташматова жана ЖББ ПЦКсынын төрайымы М.Ж. Асанова уюштурушту.

Иш-чара Туруктуу өнүгүү максаттарынын ТӨМ-4 (Сапаттуу билим берүү), ТӨМ-5 (Гендердик теңчилик) жана ТӨМ-16 (Тынчтык, адилеттүүлүк жана натыйжалуу институттар) максаттарын ишке ашырууга багытталды.