1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Экономика жана укук колледжи
  4. Жаңылыктар

2 месяца назад

85

«Бош жумуш орундар» жарманкеси Экономика жана укук колледжинде

ЖАМУнун Экономика жана укук колледжинде  бүтүрүүчүлөрдү иш менен камсыз кылууга көмөк көрсөтүү максатында «Бош жумуш орундар» жарманкеси уюштурулду. Иш-чаранын негизги максаты – бүтүрүүчүлөр менен иш берүүчүлөрдүн ортосунда түз байланыш түзүү, жаш адистердин эмгек рыногуна ийгиликтүү аралашуусуна көмөк көрсөтүү жана мекеме-ишканалардын кадрларга болгон муктаждыгын канааттандырууга өбөлгө түзүү болду.

Жарманкенин алкагында иш берүүчүлөр өздөрүнүн ишмердүүлүгүн кеңири тааныштырып, бош жумуш орундарын сунуштап, бүтүрүүчүлөр менен маектешүүлөрдү өткөрүштү. Бул жаш адистер үчүн келечектеги кесиптик жолун аныктоого, ал эми иш берүүчүлөр үчүн билимдүү жана таланттуу кадрларды тандоого ыңгайлуу мүмкүнчүлүк түздү.

Иш-чарага ЖАМУнун Академиялык саясат департаментинин башчысы, п.и.к., доцент Б. М. Турдубаева, карьераны өнүктүрүү жана өндүрүштүк практиканы уюштуруу бөлүмүнүн жетекчиси Ж. Б. Шамиев, Экономика жана укук институтунун директору, профессор А.К. Аскарова, ошондой эле бир катар мекеме-ишканалардын өкүлдөрү жана бүтүрүүчүлөр катышышты. Алардын катарында Манас шаардык ички иштер башкармалыгы, Манас шаардык Жаш ишкерлер ассоциациясы, Жалал-Абад облусунун юстиция башкармалыгы, Элдик банк, Эко Исламик банк, Компаньон банк, «Оксус» микрокредиттик компаниясы, «Байлык Финанс» МККсы жана башка мекемелер болду.

Иш-чаранын жүрүшүндө Б.М. Турдубаева бүтүрүүчүлөрдү жумушка орноштурууда мындай жарманкелердин ролу өзгөчө маанилүү экенин белгилеп, бүгүнкү күндө жогорку окуу жайлардын ишмердүүлүгүн баалоодо бүтүрүүчүлөрдүн эмгек рыногундагы ийгилиги негизги көрсөткүчтөрдүн бири болуп калганын айтты. Ал өз сөзүндө GPI (Graduate Performance Index) көрсөткүчү бүтүрүүчүлөрдүн жумушка орношуусу, кесиптик өсүшү жана иш берүүчүлөрдүн аларга берген баасы аркылуу аныкталарын белгилеп, окуу жай менен иш берүүчүлөрдүн тыгыз кызматташуусу ушул көрсөткүчтү жогорулатуунун негизги фактору экенин баса белгиледи.

Жолугушуунун жүрүшүндө иш берүүчүлөр бүтүрүүчүлөргө бош жумуш орундарын сунуштап гана тим болбостон, студенттер өндүрүштүк практика учурунда кайсы көндүмдөрдү өнүктүрүүгө көбүрөөк көңүл бурушу керектиги тууралуу сунуштарын жана пикирлерин билдиришти. Ошондой эле бир катар мекемелер университет, колледж  менен кызматташууга ыраазычылык билдирип, окуу жайга ыраазычылык каттарын тапшырышты.

Жарманке иш берүүчүлөр менен бүтүрүүчүлөрдүн түз жолугушуу, маектешүү жана резюмелерди кабыл алуу аянтчасына айланып, жаштар үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачты. Иш-чаранын соңунда колледждин атынан өнөктөш мекемелерге ыраазычылык билдирилип, ыраазычылык каттар тапшырылды. Иш-чаранын жогорку деңгээлде өтүшүнө Экономика жана укук колледжинин өндүрүштүк практика жана карьера боюнча жетекчиси     Н. А. Айылчиева чоң салым кошуп, жарманкенин уюштурулушун жана иш берүүчүлөр менен кызматташууну координациялады.  Уюштурулган бул иш-чара бүтүрүүчүлөр үчүн пайдалуу аянтча болуп, жумушка орношууга багытталган натыйжалуу жолугушууга айланды.