1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Экономика-юридикалык колледж
  4. Жаңылыктар

10 месяцев назад

193

ПРАКТИКА -КЕЛЕЧЕК ҮЧҮН АЛГАЧКЫ КАДАМ

       Экономика-юридикалык  колледжинин экономика жана бухгалтердик эсеп, финансы (тармактар боюнча), салык салуу,  социалдык иш жана укук таануу адистигинин  БЭк-2-22, БЭк-3-22, ФК-2-22, ФК-01-23, ССк-2-22, СРк-2-22,       СРк-01-23, УТк-01-23, УТк-2-22 жана УТк-3-22 тайпаларынын студенттери  окуу процессинин графигине ылайык 2024-жылдын 1-апрелинен 13-апрелге чейин окуу таанышуу практикасына  чыгышты. Алар Жалал-Абад шаарындагы жана Сузак районундагы келишим түзүлгөн  мекеме , ишканаларда практиканы өтүшөт. Студенттер үчүн окуу таанышуу  практикасына жөнөтүү конференциясы уюштурулду. Конференцияга экономика-юридикалык колледжинин өндүрүштүк практика жана карьера жетекчиси Н.А.Айылчиева, ПЦК башчылары  З.Ахмедова, Анарбай к Айтбү , Б. Жусупбекова жана  практика жетекчилери катышты. Конференцияда колледждин өндүрүштүк практика жана карьера жетекчиси Н.А.Айылчиева студенттерге  практика бул студенттер үчүн келечектин алгачкы кадамы экендигин, теория менен практиканы айкалыштыра билүүнү, өз адистиктерин сүйүүнү, урматтоого жана терең өздөштүрүүнү, практиканын маанилүүлүгүн  айтып, өндүрүштүк практиканын жобосу менен тааныштырып, студенттердин  алгачкы  практикасына ийгилик каалады. Практика жетекчилери окуу таанышуу практикасынын максаттары, милдеттери, студенттер үчүн түзүлгөн жол карта, баалоо критерийлери, отчеттулук боюнча тааныштырып,  жолдо жүрүүнүн жана техникалык коопсуздук эрежелерин түшүндүрүп айтып беришти. Конференциянын жыйынтыгында студенттер окуу  таанышуу практикасы боюнча суроолорду берип, практика жетекчилеринен жоопторду   алышты. Уюштурулган конференция өз максатына жетти.