1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Экономика жана укук колледжи
  4. Жаңылыктар

2 месяца назад

83

Укук таануу адистиги боюнча республикалык предметтик "Олимпиада-2026" өткөрүлдү

2026-жылдын 10-июнунда Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Экономика жана укук колледжинде орто кесиптик окуу жайлардын студенттери арасында «Укук таануу» адистиги боюнча республикалык предметтик олимпиада өткөрүлдү.

Олимпиаданын негизги максаты – студенттердин укуктук билимдерин тереңдетүү, кесиптик даярдыгын өркүндөтүү, аналитикалык ой жүгүртүүсүн өнүктүрүү жана таланттуу студенттерди аныктоо болуп саналат.

Олимпиадага өлкөнүн ар кайсы аймактарындагы орто кесиптик окуу жайлардын 2 жана 3-курс студенттери катышышты. Алардын катарында Ош мамлекеттик университетинин Финансы-юридикалык колледжи,  Жалал-Абад шаарынын К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университеттин Гуманитардык-экономикалык колледжи,  Ош шаарынын Б. Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек эл аралык университетинин STEM колдонмо кесиптер колледжи, Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Баткендеги көп тармактуу колледжи, Ош технологиялык университетинин академик Б. Мурзубраимов атындагы Эл аралык Өзгөн технологиялык жана билим берүү институту, Б. Осмонов атындагы ЖАМУнун Экономика жана укук колледжи болду.  Ал эми Бишкек шаарындагы Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Юридикалык колледжинин студенттери олимпиадага онлайн форматта катышышты.  

Олимпиаданын жүрүшүндө студенттер укук тармагындагы теориялык билимдери менен катар практикалык көндүмдөрүн да көрсөтүштү. Катышуучулар тесттик тапшырмаларды аткарып, укуктук маселелерди талдоо жана чечүү боюнча өз билим деңгээлдерин сынашты.

Калыстар тобунун чечими менен 3-курстардын арасында Ош мамлекеттик университетинин Финансы-юридикалык колледжинин студенти Алимов Нурсултан -  I орунду,  Өзгөн юридикалык колледжинин студенти  Эркулов Нурмухаммед - II орунду, ОшМУнун Финансы-юридикалык колледжинин студенти Мойдинов Жоомарт III орунду ээлешти.

Ал эми 2-курстардын арасында Ош мамлекеттик университетинин Финансы-юридикалык колледжинин студенти Мусабекова Айгерим I орунга , Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Баткендеги көп тармактуу колледжинин студенти Абдукаюмова Мадина II орунга,  Ош шаарынын Б. Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек эл аралык университетинин STEM колдонмо кесиптер колледжинин студенти Тойчиева Бибинур III орунга  ээ болду.

Республикалык олимпиада студенттердин кесиптик деңгээлин жогорулатууга, укуктук билимди жайылтууга жана окуу жайлар аралык кызматташтыкты өнүктүрүүгө чоң салым кошту.

Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Экономика жана укук колледжи олимпиадага катышкан бардык студенттерге, алардын жетекчилерине жана калыстар тобуна терең ыраазычылык билдирип,  ийгиликтерди каалады.