1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Экономика жана укук колледжи
  4. Жаңылыктар

7 часов назад

13

«Ден соолук–2026» спартакиадасында Экономика жана укук колледжи алдыңкылар катарында

Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин орто кесиптик билим берүү мекемелеринин окутуучулары арасында өткөрүлгөн «Ден соолук–2026» спартакиадасы жогорку деңгээлде уюштурулуп, спорт сүйүүчүлөрүн бириктирген чоң майрамга айланды.

Спартакиада 2026-жылдын 6-июнь күнү Кербен шаарындагы Аксы колледжинин имаратында өткөрүлдү. Мелдешке университеттин курамындагы колледждерден спорттун волейбол, кичи футбол, стол үстүндөгү теннис, тогуз коргоол жана шахмат түрлөрү боюнча жалпысынан 10 команда катышып, жеңиш үчүн күч сынашты. Спорттук иш-чаранын жүрүшүндө катышуучулардын мыкты даярдыгы, жеңишке болгон умтулуусу жана командалык биримдиги өзгөчө байкалды. Айрыкча Жандарбек уулу Элдияр жетектеген кичи футбол командасы атаандаштарын артта калтырып, оюндагы жогорку чеберчилигин жана тактикалык даярдыгын көрсөтүү менен татыктуу түрдө 1-орунду багындырды.

Ошондой эле эжекелер арасында өткөн тогуз коргоол мелдешинде Кочкорова Наргиза өзүнүн терең ой жүгүртүүсү, ыкчам чечим кабыл алуусу жана мыкты оюн чеберчилиги менен айырмаланып, 1-орунду жеңип алды.

Мындан тышкары колледждин өкүлдөрү волейбол, шахмат жана стол үстүндөгү теннис боюнча да ийгиликтүү оюн көрсөтүп, байгелүү 3-орундарды камсыз кылышты.

Жыйынтыгында Экономика жана укук колледжинин командалары жалпы командалык эсепте күчтүү 10 команданын арасынан байгелүү 3-орунду ээлеп, спорттук мелдештин жеңүүчүлөрү жана катышуучулары дипломдор жана сыйлык баракчалары менен сыйланышты.

Бул ийгилик колледж жамаатынын ынтымагын, сергек жашоо образын жайылтууга болгон умтулуусун жана спортко болгон кызыгуусун дагы бир жолу тастыктады. Спортчуларыбызды жетишкен ийгиликтери менен куттуктап, мындан аркы мелдештерде дагы жаңы жеңиштерди каалайбыз!