ЭУКта мамлекеттик аттестация боюнча жыйын өткөрүлдү
ЖАМУнун 2026-жылдын 19-майындагы №143 буйругунун негизинде Экономика жана укук колледжинде мамлекеттик аттестацияны уюштуруу жана өткөрүү маселелери боюнча жыйын өткөрүлдү.
Жыйынды Экономика жана укук колледжинин директору А.А. Ташматова өткөрүп, мамлекеттик аттестацияны ачык-айкын, объективдүү жана коррупциялык көрүнүштөргө жол бербестен уюштуруу боюнча талаптарга кеңири токтолду.
Жыйынга мамлекеттик аттестациянын мүчөлөрү жана техникалык катчылар катышып, аттестация процессин уюштуруу, студенттерди идентификациялоо, тестирлөөнү өткөрүү, техникалык камсыздоо жана тартипти сактоо маселелери талкууланды.
Жыйындын соңунда мамлекеттик аттестацияны сапаттуу жана талаптарга ылайык өткөрүү боюнча тиешелүү тапшырмалар берилип, жооптуу кызматкерлердин милдеттери такталды.