ПРЕДМЕТТЕР АРАЛЫК ОЛИМПИАДА
Экономика-юридикалык колледжинде 27-март күнү предметтер аралык олимпиада уюштурулду .Олимпиада кыргыз тили жана адабияты, манас таануу, орус тили жана адабияты , математика, физика, химия, биология, чет тили, экологиянын негиздери, кыргызстан тарыхы, кыргызстан географиясы, экономикалык теория, бухгалтердик эсеп, социалдык иш адистигине киришүү, мамлекет жана укуктун теориясы предметтеринен өткөрүлдү.
Олимпиадага активдүү катышкан студенттерге дипломдор берилип, жетекчилерге коллеждин директору э.и.д., профессор А.Б.Карбекова ыраазычылык билдирди.