1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Экономика жана укук колледжи
  4. Жаңылыктар

6 дней назад

16

Академиялык мобилдүүлүк – тажрыйба алмашуунун жана өнөктөштүктү бекемдөөнүн жаңы мүмкүнчүлүгү

К. Ш. Токтоматов атындагы эл аралык университетинин Гуманитардык-экономикалык колледжинин Укук таануу кафедрасынын окутуучулары академиялык мобилдүүлүк программасынын алкагында Экономика жана укук колледжинин Укук таануу ПЦКсында ийгиликтүү иш сапар менен болушту.

Программага кафедра башчысы Н. О. Тойгонбаева жана окутуучулар М. У. Атокурова, К. А. Досалиева, У. А. Мустапакулова, Ж. А. Садирова, Т. Т. Суюнбаев, А. Т. Кожобековтор катышышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө катышуучулар семинарларга жана воркшопторго катышып, билим берүү тажрыйбалары менен алмашышты. Ошондой эле эки окуу жайдын өкүлдөрү биргелешкен илимий изилдөөлөрдү өнүктүрүү мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.

Аталган программа кесиптик кызматташууну чыңдоого, окутуунун сапатын жогорулатууга жана илимий байланыштарды кеңейтүүгө өбөлгө түздү.