1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Экономика жана укук колледжи
  4. Жаңылыктар

6 дней назад

18

 Ак ниеттик жана жоопкерчилик - коррупцияга каршы күч

Экономика жана укук колледжинин Жалпы билим берүү ПЦКсынын 1-курс тайпаларынын кураторлору тарабынан студенттер арасында чынчылдыкты, адилеттүүлүктү жана жоопкерчиликти калыптандыруу максатында «Ак ниеттик жана жоопкерчилик - коррупцияга каршы күч» аттуу куратордук саат өткөрүлдү. Куратордук сааттын жүрүшүндө коррупциянын маңызы, анын коомдун өнүгүшүнө, мамлекеттин туруктуулугуна жана жарандардын жашоо сапатына тийгизген терс таасирлери тууралуу кеңири маалымат берилди. Ошондой эле коррупцияга каршы күрөшүүдө ар бир жарандын, айрыкча жаш муундун орду жана жоопкерчилиги чоң экендиги баса белгиленди.

Студенттер мыйзамды сыйлоонун, ак ниеттүү болуунун, адилеттүү мамиле жасоонун жана жарандык жоопкерчиликтин мааниси жөнүндө өз ойлорун билдиришип, коррупцияга каршы күрөшүү ар бир адамдын милдети экендигин белгилешти.

Талкуунун жүрүшүндө турмуштук мисалдар келтирилип, коррупциянын алдын алууда билимдүүлүк, тарбия жана жарандык аң-сезимдин ролу өзгөчө мааниге ээ экени айтылды.

Куратордук саат студенттердин укуктук маданиятын жогорулатууга, адеп-ахлактык баалуулуктарды бекемдөөгө, мекенчилдик сезимин өнүктүрүүгө жана активдүү жарандык позицияны калыптандырууга өбөлгө түздү.