1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Экономика жана укук колледжи
  4. Жаңылыктар

1 неделю назад

23

ЭУК Коррупциясыз келечек үчүн

Экономика жана укук колледжинде «Коррупциясыз келечек үчүн» аттуу коррупцияга каршы агартуу сааты өткөрүлдү. Иш-чара Кыргыз Республикасынын 2026–2027-жылдарга коррупцияга каршы маалыматтык саясатынын мамлекеттик программасын ишке ашыруу алкагында уюштурулду.

Жыйынга 1-курс студенттери, кураторлор жана окутуучулар катышып, аны колледждин директору А.А. Ташматова алып барды. Иш-чаранын жүрүшүндө коррупциянын терс кесепеттери, анын алдын алуу жолдору жана жаштардын жарандык жоопкерчилиги тууралуу маалымат берилди.

Ошондой эле студенттерге тематикалык видеороликтер көрсөтүлүп, суроо-жооп жана пикир алышуу уюштурулду. Иш-чара студенттердин укуктук маданиятын жогорулатууга жана коррупцияга каршы көз карашты калыптандырууга багытталды.