1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Экономика жана укук колледжи
  4. Жаңылыктар

1 неделю назад

20

Кичи футбол мелдеши студенттерди ынтымакка жана сергек жашоого үндөдү

Экономика жана укук колледжинде 2025–2026-окуу жылына карата аскерге чейинки даярдык жана дене тарбия жетекчисинин иш планынын негизинде 2026-жылдын 30-май күнү студенттер арасында кичи футбол боюнча мелдеш өткөрүлдү. Спорттук иш-чаранын негизги максаты – студенттердин дене тарбия жана спортко болгон кызыгуусун арттыруу, сергек жашоо образын жайылтуу,  ошондой эле жаштардын арасында достукту, ынтымакты жана командалык рухту өнүктүрүү болду. Спорттук иш чараны  колледждин аскерге чейинки даярдык жана дене тарбия жетекчиси С. Карыбаев менен дене тарбия  окутуучулары  биргеликте уюштурушту. 

Мелдешке колледждин ар түрдүү адистиктеринен түзүлгөн 12 команда катышып, өздөрүнүн спорттук даярдыгын, шамдагайлыгын жана жеңишке болгон умтулуусун көрсөтүштү. Оюндар кызыктуу жана курч атаандаштыкта өтүп, ар бир команда жогорку деңгээлдеги оюн тартуулады.

Мелдештин жүрүшүндө катышуучулар футбол оюнунун эрежелерин так сактап, өз ара сый-урматтын жана спорттук маданияттын үлгүсүн көрсөтө алышты. Мындай иш-чаралар студенттердин ден соолугун чыңдоого, бош убактысын пайдалуу өткөрүүгө жана сергек жашоо образын калыптандырууга өбөлгө түзөт.

Жыйынтыгында мыкты оюн көрсөткөн командалар жеңүүчү деп табылып:

 I орунду – БЭК-3-24 тайпасы; II орунду – ТМК-2-25 тайпасы; III орунду – УТк-5-25 тайпасы ээледи.

Мелдештин соңунда жеңүүчүлөргө жана мыкты оюнчуларга уюштуруучулар тарабынан кубок, дипломдор жана баалуу сыйлыктар тапшырылды.

Спорттук мелдеш студенттердин арасында сергек жашоо образын жайылтууга, достукту бекемдөөгө жана жаштарды спортко үндөөгө чоң салым кошту.