1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Экономика жана укук колледжи
  4. Жаңылыктар

2 недели назад

21

“Rainbow” ийриминин алкагында “Travelling” темасында  практикалык саякат уюштурулду

 Экономика жана укук колледжинин “Rainbow” ийриминин алкагында “Travelling” темасында таанып-билүү жана практикалык саякат уюштурулду. Саякаттын жүрүшү окутуучулар Н.Айылчиева жана Н.А.Кочкорованын жетекчилиги астында студенттер Өзгөн шаарындагы Өзгөн архитектуралык комплекси жана Ош шаарындагы Сулайман-Тоо улуттук тарыхый-археологиялык музей комплекси менен таанышып келишти.

Саякаттын негизги максаты студенттердин англис тилиндеги сүйлөө көндүмдөрүн өнүктүрүү, тарыхый-маданий жайлар тууралуу маалымат берүү жана саякат темасына болгон кызыгуусун арттыруу болду. Студенттер тарыхый эстеликтер менен жакындан таанышып, өз ойлорун англис тилинде билдирип, кызыктуу маек жана талкууларды жүргүзүштү.

Мындай ийримдер студенттердин дүйнө таанымын кеңейтип, тил үйрөнүүгө болгон мотивациясын жогорулатат.