1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Экономика жана укук колледжи
  4. Жаңылыктар

2 недели назад

20

Насаатчылык - жаш окутуучуга колдоо

2025-2026-окуу жылында ЖАМУнун «Насаатчылык жөнүндө» жобосуна ылайык Экономика жана укук колледжинин Жалпы билим берүү ПЦКсынын биология предметинин окутуучусу М.Ж. Асанова жаш окутуучу, химия предметинин окутуучусу  Э. Камчибековага насаатчы болуп дайындалды. Насаатчылык ишмердүүлүгүнүн алкагында М.Ж. Асанова сабак өтүүнүн заманбап жана интерактивдүү ыкмалары боюнча тажрыйбасы менен бөлүшүп, лабораториялык иштерди уюштуруу, санариптик технологияларды колдонуу жана студенттер менен натыйжалуу иш алып баруу боюнча усулдук жардам көрсөттү. Ошондой эле сабакты пландаштыруу, баалоонун заманбап ыкмаларын колдонуу жана илимий макала жазуу боюнча да тажрыйба алмашуу жүрдү. Мындай кызматташтык жаш окутуучунун кесиптик өсүшүнө жана педагогикалык чеберчилигинин өнүгүшүнө чоң өбөлгө түзөт.