1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Экономика жана укук колледжи
  4. Жаңылыктар

2 недели назад

20

Гиддин этикасы жана кесиптик көндүмдөрү” аттуу көчмө мастер-класс өткөрүлдү

Экономика жана укук колледжинин Туризм адистигинин ТМК-2-25 тайпасынын студенттерине “Гиддин этикасы жана гиддин көндүмдөрү” аттуу куратордук сабактын алкагында тайпанын куратору тарабынан көчмө мастер-класс уюштурулду. Иш-чара Өзгөн мунарасы жана Өзгөн музейинде музей кызматкерлери менен биргеликте өткөрүлдү.

Мастер-класстын негизги максаты — студенттерге гиддик кесиптин өзгөчөлүктөрүн практикалык негизде түшүндүрүү, туристтер менен туура баарлашуу маданиятын калыптандыруу, тарыхый жайларды тааныштыруу ыкмаларын үйрөтүү жана болочок адистердин кесиптик чеберчилигин өнүктүрүү болду. Ошондой эле гиддин этикасы, сүйлөө маданияты, өзүн алып жүрүү эрежелери жана туристтерге маалымат берүү усулдары боюнча кеңири маалыматтар берилди.

Мастер-класстын жүрүшүндө студенттер тарыхый эстеликтер тууралуу маалыматтарды айтып, өздөрүн чыныгы гид катары сынап көрүштү. Алар музей экспонаттарын жана Өзгөн мунарасы тууралуу кызыктуу баяндоолорду жасап, туристтерди коштоп жүргөн гиддин ролун аткарышты. Практикалык сабак студенттердин кесипке болгон кызыгуусун арттырып, алардын теориялык билимдерин практика менен айкалыштырууга чоң мүмкүнчүлүк түздү.