1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Экономика жана укук колледжи
  4. Жаңылыктар

2 недели назад

20

Тарых — өткөндүн мурасы

2026-жылдын 23-май күнү Экономика жана укук колледжинин БЭк-2-25 тайпасынын студенттери куратору Н.А. Кочкорова менен биргеликте Манас шаарынын тарыхый музейине экскурсияга барышты. Экскурсиянын жүрүшүндө студенттер музейдеги тарыхый экспонаттар, улуттук баалуулуктар жана кыргыз элинин тарыхын чагылдырган маалыматтар менен таанышышты. Иш-чаранын максаты — студенттердин тарыхка болгон кызыгуусун арттыруу, улуттук баалуулуктарды урматтоого жана мекенчилдикке тарбиялоо.