1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Экономика жана укук колледжи
  4. Жаңылыктар

2 недели назад

16

Теория менен практиканы айкалыштырган окутуу

 Б. Осмонов атындагы ЭУКтун окутуучусу Иркеева З.Д. БЭк 2-24 жана БЭк 3-24 тайпаларына жумуш ордунда окутуу сабагын ОсОО «Марьям» заводуна алып барды. Сабактар төмөнкү предметтер боюнча өткөрүлдү: «Башкаруу эсеби» сабагынан — «Бухгалтердик каржылык отчеттуулук»; «Активдерди бухгалтердик эсептөөнүн практикалык негиздери» дисциплинасы боюнча — «Жер салыгы»; «Тармактар экономикасындагы бухгалтердик эсептин өзгөчөлүктөрү» предметинен — «Касса түшүнүгү». ОсОО «Марьям» заводунун жетекчиси Эргешов Д.Б. жана башкы бухгалтер Юсупова Н. заводдун түзүлүшү, мамлекетке төлөнгөн салыктар, ошондой эле жергиликтүү калкты жумуш орундары менен камсыз кылуу боюнча маалымат беришти. Студенттердин сабакка болгон кызыгуусу жогору болуп, жумуш ордунда өткөрүлгөн сабак пайдалуу жана мазмундуу өттү.