1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Экономика жана укук колледжи
  4. Жаңылыктар

2 недели назад

34

ЭУКта “Биримдик жана өнүгүү” аттуу куратордук саат өткөрүлдү

Экономика жана укук колледжинин Социалдык иш ПЦКсынын окутуучулары тарабынан “Биримдик жана өнүгүү ” темасында куратордук саат өткөрүлдү. Куратордук сааттын жүрүшүндө студенттерге Шанхай кызматташтык уюму тууралуу кеңири маалымат берилип, уюмдун түзүлүү тарыхы, негизги максаттары жана мүчө мамлекеттер ортосундагы кызматташтык багыттары тууралуу түшүндүрмө айтылды. Ошондой эле ШКУнун алкагындагы саясий, экономикалык жана маданий байланыштардын мааниси белгиленип, аймактагы тынчтыкты жана туруктуулукту камсыздоодогу орду тууралуу сөз болду.

Мындан сырткары, Кыргыз Республикасынын ШКУдагы орду, улуттук валюталарда эсептешүүгө өтүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер жана Самарканд шаарында өткөн ШКУга мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин жыйынынын жыйынтыктары тууралуу маалыматтар студенттердин кызыгуусун жаратты.

Куратордук саат студенттердин дүйнөлүк интеграциялык процесстер тууралуу түшүнүгүн кеңейтип, эл аралык уюмдардын ишмердүүлүгүнө болгон кызыгуусун арттырууга өбөлгө түздү.