1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Экономика жана укук колледжи
  4. Жаңылыктар

2 недели назад

19

Жумуш ордунда окутуу аркылуу биология сабагын өткөрүү

Экономика жана укук колледжинин Жалпы билим берүү ПЦКсынын биология предметинин окутуучусу М.Ж. Асанова СС-3-25 тайпасы менен биология сабагын китепкана менен байланыштырып өттү. Сабак кадимки аудиториялык окутуудан айырмаланып, практикага багытталган жандуу окуу формасында уюштурулду.

Сабактын максаты:Студенттердин биология сабагына болгон кызыгуусун арттыруу, теориялык билимдерин практика менен айкалыштыруу жана жаратылышты байкоо аркылуу экологиялык аң-сезимин калыптандыруу. Ошондой эле китепканадагы маалымат булактарын колдонуу менен изденүү жөндөмдөрүн өнүктүрүп, жумуш ордунда окутуу ыкмасы аркылуу өз алдынча ой жүгүртүүсүн жана практикалык көндүмдөрүн өркүндөтүү.

Сабактын жүрүшүндө студенттер биология предмети боюнча алган теориялык билимдерин практика жүзүндө бекемдей алышты. Китепкана менен байланышкан тапшырмалар студенттердин маалымат издөө жана талдоо жөндөмдөрүн өнүктүрдү. Жандуу окуу формасы студенттердин сабакка болгон активдүүлүгүн жогорулатып, экологиялык маданиятын жана жаратылышка аяр мамиле кылуу көндүмдөрүн калыптандырууга өбөлгө түздү.