1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Экономика жана укук колледжи
  4. Жаңылыктар

2 недели назад

11

Жашыл өсүш жана экономикалык өнүгүү

Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун Экономика жана укук колледжинин окутуучусу Айдарбекова Анарбү “Жашыл экономика” сабагынан жумуш ордунда окутууга   “Көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарбасы” ишканасына ФКк-2-23,БЭк-2-23 тайпаларынын студенттерин алып барып, “Жашыл өсүш жана экономикалык өнүгүү”темасындасабак өттү.

Сабактын максаты:      Студенттер жашыл өсүштүн жана экономикалык өнүгүүнүн маанисин түшүнүшөт, экологияны коргоо менен экономиканы өнүктүрүүнүн байланышы тууралуу маалымат алышып жана практикалык билимдерин кеңейтишет.

      Жумуш ордунда окутуу учурунда студенттер жашыл өсүш жана экономикалык өнүгүү темасы боюнча маалымат алышты. Окутуу маалында жаратылыш ресурстарын үнөмдүү пайдалануу, экологиялык таза өндүрүштү өнүктүрүү жана туруктуу экономикалык өсүштү камсыз кылуу тууралуу түшүндүрмөлөр берилди. Ошондой эле жашыл экономиканын коомго жана айлана-чөйрөгө тийгизген оң таасири жөнүндө айтылды.

     Бул окутуу студенттердин экологиялык аң-сезимин жогорулатып, келечектеги кесиптик ишмердүүлүгүндө жашыл өнүгүү принциптерин колдонууга багыт берилди.