1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Экономика жана укук колледжи
  4. Жаңылыктар

2 недели назад

11

Ишкананын каржылоо булактары

     Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун Экономика жана укук колледжинин окутуучусу Айдарбекова Анарбү “Ишкердик” сабагынан жумуш ордунда окутууга  ЖЧК (ОсОО) “Марьям” ишканасына УТк-2-23 тайпасынын студенттерин алып барып,“Ишкананын каржылоо булактарытемасындасабак өттү.

Сабактын максаты:       Студенттер ишкананын каржылоо булактары жөнүндө түшүнүк алышат, алардын түрлөрү жана ишканадагы мааниси менен таанышышат, практикалык билимдерин өнүктүрүшөт.

           Биз жумуш ордунда окутуу учурунда ЖЧК (ОсОО) “Марьям” ишканасына барып, ишкананын ишмердүүлүгү менен тааныштык. Практика учурунда ишкананын каржылоо булактары тууралуу маалымат алдык. Ишкананын негизги каржылоо булактарына өздүк капитал, банктык насыялар, инвесторлордун каражаттары жана кирешелер кирери түшүндүрүлдү. Ошондой эле каржылоонун ишкананын өнүгүүсүндөгү мааниси тууралуу кеңири маалымат берилди.

  Бул практикалык сабак студенттердин теориялык билимдерин практика менен айкалыштырууга жана келечектеги кесиптик тажрыйбасын өнүктүрүүгө жардам берди