1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Экономика жана укук колледжи
  4. Жаңылыктар

2 недели назад

16

Кесипке карай ишенимдүү кадам

ЖАМУнын Экономика жана укук колледжинин Экономика ПЦКсынын «Экономика жана бухгалтердик эсеп» адистигинин 3-курсунун студенттеринин мамлекеттик практикасынын жыйынтыктоочу конференциясы жогорку деңгээлде уюштурулду. Иш-чарага карьераны өнүктүрүү жана өндүрүштүк практиканы уюштуруу бөлүмүнүн башчысы Н.С. Жолдошалиева, экономика жана укук колледжинин өндүрүштүк практика жана карьера боюнча жетекчиси Н.А. Айылчиева, ПЦКнын практика боюнча жетекчиси А. Калмурзаева, ошондой эле практика жетекчилери А. Айдарбекова, З. Иркеева жана Б. Курстанбекова катышты.

         Конференциянын жүрүшүндө студенттер мамлекеттик практика мезгилинде аткарган иштерин кеңири чагылдырган презентацияларын сунуштап, илимий-изилдөө багытындагы отчеттору менен бөлүшүштү. Алар практика учурунда алган кесиптик тажрыйбаларын, жетишкен ийгиликтерин жана практикалык көндүмдөрүнүн калыптанышындагы маанилүү учурларды слайддар, видеоматериалдар жана мисалдар аркылуу көрсөтө алышты.

Иш-чаранын соңунда жетекчилер студенттердин практика учурундагы аракеттерине оң баа берип, келечекте мыкты адис болуп калыптануусуна ийгиликтерди каалашты.