1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Экономика жана укук колледжи
  4. Жаңылыктар

2 недели назад

16

Ийгиликке баштаган практикалык кадамдар

Б. Осмонов атындагы ЖАМУнун Экономика жана укук колледжинин Экономика ПЦКсына караштуу «Салык жана салык салуу» адистигинин 3-курсунун студенттеринин мамлекеттик практикасынын жыйынтыктоочу конференциясы уюшкандыкта өткөрүлдү.  Конференцияга карьераны өнүктүрүү жана өндүрүштүк практиканы уюштуруу бөлүмүнүн башчысы Н.С. Жолдошалиева, экономика жана укук колледжинин өндүрүштүк практика жана карьера боюнча жетекчиси Н.А. Айылчиева, ПЦКнын практика боюнча жетекчиси А. Калмурзаева, ошондой эле практика жетекчилери З. Ахмедова, Г. Бекиева катышты.

    Иш-чаранын жүрүшүндө студенттер мамлекеттик практика мезгилинде аткарган иштерин кеңири чагылдырган презентацияларын сунуштап, илимий-изилдөө багытындагы отчеттору менен бөлүшүштү. Алар практика учурунда алган тажрыйбаларын, жетишкен ийгиликтерин жана кесиптик көндүмдөрүнүн калыптануу этаптарын слайддар, видеоматериалдар аркылуу  көрсөтө алышты.

     Айрыкча студенттердин өз алдынча иш алып баруу жөндөмү, жоопкерчиликтүү мамилеси жана кесипке болгон кызыгуусу катышуучулар тарабынан жогору бааланды. Конференцияда ар бир баяндама мазмундуулугу, чыгармачыл даярдыгы жана заманбап ыкмалар менен айырмаланып, иш-чаранын көркүн арттырды. Жыйынтыгында жетекчилер студенттердин мамлекеттик практика учурундагы активдүүлүгүнө жана аракеттерине оң баа берип, алардын келечекте кесипкөй адис болуп калыптанышына ийгиликтерди каалашты. Мындай конференциялар студенттердин теориялык билимдерин практика менен айкалыштырып, кесиптик өсүшүнө чоң өбөлгө түзөрү өзгөчө белгиленди.