Өндүрүштүк практика учурунда окуу- изилдөө ишин жүргүзүү
27-март күнү Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун экономика-юридикалык колледжинде ЖАМУнун карьераны өнүктүрүү жана өндүрүштүк практиканы уюштуруу бөлүмүнүн инспектору Н.С.Жолдошалиева “өндүрүштүк практика учурунда окуу- изилдөө ишин жүргүзүү”-деген темада семинар өттү. Семинарды ЭЮКтун өндүрүштүк практика жана карьера жетекчиси Н.А.Айылчиева уюштурду. Семинарда өндүрүштүк практика учурунда студенттерге окуу изилдөө ишинин темаларынын тандалып берилиши, илимий изилдөөгө мүнөздүү негизги этаптары, илимий изилдөө жазып жаткан студенттердеги жаңы сапаттарынын калыптануусу жана өндүрүштүк практика учурунда окуу илимий изилдөө иштерин жүргүзүү чоң мааниге ээ экендиги жөнүндө практика жетекчилерине айтып берди.