1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Экономика жана укук колледжи
  4. Жаңылыктар

2 недели назад

28

Жумуш ордунда окутуу — келечек адистерди даярдоонун маанилүү бөлүгү

Экономика жана укук колледжинин студенттери жана окутуучулары үчүн жумуш ордунда окутуу багытындагы практикалык сабак уюштурулду. 2026-жылдын май айында “Каржы, акчанын айлануусу жана насыя” предметинин алкагында “Баалуу кагаздар эмиссиясы” темасы боюнча Манас шаарындагы ОсОО МАРЬЯМ өндүрүштүк ишканасына жумуш ордунда окутуу иш-чарасы өткөрүлдү.

  Иш-чаранын жүрүшүндө студенттер ишкананын өндүрүштүк процесси менен таанышып, бухгалтердик эсеп жүргүзүү, бухгалтердик документациялар жана камсыздандыруу системасы боюнча кеңири маалымат алышты.

   Ишкананын бухгалтери Юсупова Нурия студенттерге практикалык мисалдардын негизинде түшүндүрмө берип, өндүрүштүк ишканалардагы финансылык иштердин өзгөчөлүктөрү тууралуу маалымат берди. Ошондой эле студенттер бухгалтердик документтер менен иштөө, эсеп-кысап жүргүзүү жана камсыздандыруу системасынын иштөө тартиби боюнча пайдалуу маалыматтарга ээ болушту.

Мындай практикалык сабактар студенттердин теориялык билимдерин практика менен айкалыштырууга, кесиптик көндүмдөрүн өнүктүрүүгө жана келечектеги адистикке болгон кызыгуусун арттырууга чоң өбөлгө түзөт.