1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Экономика жана укук колледжи
  4. Жаңылыктар

2 недели назад

21

Экономика жана укук колледжинде «Эрдик сабактары» аталышындагы иш-чара өткөрүлдү

ЖАМУнун Экономика жана укук колледжинде жаштарды мекенчилдикке, мекенди сүйүүгө жана жарандык жоопкерчиликке тарбиялоо максатында «Эрдик сабактары» аталышындагы тарбиялык иш-чара өткөрүлдү. Иш-чарага ардактуу коноктор катышып, студенттер менен мазмундуу баарлашуу жүргүзүштү. Канттагы орус авиабазасынын подполковниги - Ефремов Алексей Александрович, Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин областтык ардагерлер кеңешинин төрагасы, отставкадагы полковник Атабеков Таалайбек Айтышовичтер катышты. Жолугушуунун жүрүшүндө коноктор мекенди коргоонун ыйык милдет экендиги, аскердик кызматтын жоопкерчилиги, эрдик жана патриоттук баалуулуктар тууралуу кеңири айтып беришти. Студенттер өздөрүн кызыктырган суроолорду берип, пайдалуу кеп-кеңештерди алышты. Ошондой эле 20022-аскер бөлүгүнүн талаа постунун командири А. Кукса ЖАМУнун Экономика жана укук колледжинин жамаатына өсүп келе жаткан муундарга социалдык-патриоттук тарбия берүүнү уюштурууда жана иш-чараларды өткөрүүдөгү зор салымы үчүн чын жүрөктөн ыраазычылык билдирди. Мындай иш-чаралар жаштарды мекенчилдикке үндөп, алардын коомдогу активдүү жарандык позициясын калыптандырууда өзгөчө мааниге ээ.