1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Экономика-юридикалык колледж
  4. Жаңылыктар

10 месяцев назад

111

Диний террорчулуктун себептери жана анын алдын алуу

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин 2024-жылдын 8-январындагы № 3/1 буйругунун негизинде Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун экономика-юридикалык колледжинде 2024-жылдын  26-мартында КР ИИШМнин бангизатын мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматын алдын алуу боюнча ыкчам өкүлүнүн,  милициянын подполковниги Жапакова Гүлмира Жузубалыевна жана Жалал-Абад шаарынын ички иштер бөлүмүнүн жашы жетелектер менен иштөө инспекциясынын улук инспектору, милициянын капитаны Кадырова Самара Эсенбаевна, Мавлянкулова Гүлмира, Орозбаев Бектур. "Диний террорчулуктун себептери жана алдын алуу" , "Курьердик кылуу жана баңгизат чыгым колдонууну токтотуу" деген темаларда студенттер менен  иш-чара өткөрүштү.

Иш чарага 1-3-курстун студенттери катышып, өздөрү кызыккан жана жашоодо кезигип жаткан  суроолорду беришип жооп ала алышты жана ыраазычылыктарын билдиришти. Ошону менен бирге Жалал-Абад шаарынын  ички иштер кызматкерлери окутуучуларды жана студенттерди  түздөн - түз кызматташып иш алып барууга даяр экенин билдиришти.