1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Экономика жана укук колледжи
  4. Жаңылыктар

2 недели назад

36

“Кыргызстандын келечеги жана ШКУ” аталышындагы куратордук ачык сабак

ЖАМУнун Экономика жана укук колледжинин Экономика ПЦКсынын окутуучусу тарабынан ФК-4-24 тайпасынын студенттерине “Кыргызстан жана Шанхай кызматташтык уюму” темасында куратордук ачык сабак өткөрүлдү. Сабактын жүрүшүндө студенттерге Шанхай кызматташтык уюмунун түзүлүү тарыхы, негизги максаттары, мүчө мамлекеттери жана Кыргызстан үчүн мааниси тууралуу кеңири маалымат берилди.

      Ачык сабакта эл аралык кызматташтык, аймактык коопсуздук, экономикалык байланыштар жана маданий алакалар тууралуу түшүндүрүлүп, Кыргызстан менен ШКУнун ортосундагы кызматташуунун негизги багыттары талкууланды. Ошондой эле Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан темир жолу, биргелешкен аскердик машыгуулар жана эл аралык саммиттер боюнча мисалдар келтирилди.

      Сабак интерактивдүү ыкмада уюштурулуп, студенттер топторго бөлүнүп, коопсуздук, экономика жана маданий кызматташтык багыттары боюнча өз ойлорун айтып, маалыматтарды даярдашты. Талкуу учурунда студенттер активдүү катышып, эл аралык уюмдардын мамлекеттер үчүн маанисин терең түшүнүүгө мүмкүнчүлүк алышты.

       Жыйынтыктоо бөлүгүндө суроо-жооп уюштурулуп, активдүү катышкан студенттер бааланды. Ачык сабак студенттердин дүйнө таанымын кеңейтүүгө, эл аралык мамилелер боюнча билимдерин жогорулатууга жана аналитикалык ой жүгүртүүсүн өнүктүрүүгө өбөлгө түздү.