1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Экономика жана укук колледжи
  4. Жаңылыктар

3 недели назад

29

Эл аралык кызматташтыкка багытталган куратордук саат

Экономика жана укук колледжинин ЖББ ПЦКсынын  ФК- 2-25, ССк -3-25, УТк-4-25, БДк-2-25 тайпаларынын кураторлору М. Ж. Асанова, Г. М. Барпиева, А. Мамашова, А. Шаршенкулова  студенттери үчүн глобалдык жана аймактык мааниге ээ болгон «Шанхай кызматташтык уюму (ШКУ)» деген темада куратордук саат өтүштү. Бул иш-чара студенттердин саясий, экономикалык жана эл аралык мамилелер тууралуу түшүнүктөрүн кеңейтүү максатында уюштурулду. Кыргызстандын ШКУдагы ролун жана уюмдун аймактык коопсуздукту, экономикалык кызматташтыкты чыңдоодогу маанисин талдоо аркылуу студенттердин аналитикалык ой жүгүртүүсүн өнүктүрүп, студенттерди улуттар аралык достукту, тынчтыкты баалоого жана эл аралык ынтымакты сыйлоого чакырышты.

Куратордук саат кызыктуу жана суроо-жооп форматында, жандуу талкуу менен өтүлдү.

Жыйынтыгында: Куратордук саатта студенттер ШКУнун заманбап дүйнөлүк саясаттагы жана коопсуздукту камсыздоодогу өзгөчө орду тууралуу терең маалымат алышты. Студенттердин дүйнө таанымын кеңейтип, алардын келечекте аң-сезимдүү жана мекенчил жаран болуп калыптанышына чоң салым болду.