1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Экономика жана укук колледжи
  4. Жаңылыктар

3 недели назад

26

ЭУКтун студенттери ачык сот отурумуна катышты

2025-2026-окуу жылынын  окуу планына жана окуу процессинин графигине ылайык “Жазык процесстик укук” дисциплинасы боюнча УТк-2-23 тайпасынын  студенттерине  жумуш ордунда окутуунун алкагында “Соттук териштирүү” темасында практикалык сабак Манас шаардык сотунун 2026-жылдын 13-майында №1-сот залында окутуучу Таштемирова А өттү.

Сабактын максаты – студенттердин теориялык билимдерин бекемдөө, сот органдарынын практикалык ишмердүүлүгү менен тааныштыруу жана кесиптик көндүмдөрүн өнүктүрүү болду.

Практикалык сабактын жүрүшүндө студенттер ачык сот отурумуна катышып, сот иштерин кароонун тартиби, сот өндүрүшүнүн өзгөчөлүктөрү жана сот процессинин катышуучуларынын ишмердүүлүгү менен таанышышты. Сот отурумунун жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын КЖКнин 37-беренеси 122-беренеси, 209-беренесинин 2-бөлүгү жана 178-беренеси боюнча кылмыш иштер каралды. Стундеттер аталган категориядагы иштерди кароонун озгөчөлүктөрү жана мыйзам ченемдерин практикалык колдонуу тартиби менен таанышышты. Мындан тышкары, сот отурумунун жүрүшүндө студенттер төмөнкүлөргө байкоо жүргүзүштү:

- сот отурумун ачуу жана жүргүзүү тартибине;

- тараптардын процесстеги журум-турумуна;

- судьянын жана сот жыйналышынын катчысынын ишмердүүлүгүнө;

- далилдерди изилдөө жана катышуучулардын түшүндурмөлөрүн угуу процессине;

- сот өндүрүшүндөгү мыйзамдуулук, ачык-айкындуулук жана атаандаштык принциптеринин сакталышына.

Сот отуруму аяктагандан кийин студенттер менен талкуу жургүзүлүп, анда каралган иштин өзгөчөлүктөрү, колдонулган мыйзам ченемдери жана сот ишмердүүлүгүнүн практикалык аспектилери талданды. Өткөрүлгөн сабак студенттердин теориялык билимдерин тереңдетүүгө, укуктук ой жүгүртүүсүн өнүктүрүүгө жана сот органдарынын ишмердүлүгү жөнүндө практикалык түшүнүк алууга мүмкүндүк берди.