1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Экономика жана укук колледжи
  4. Жаңылыктар

3 недели назад

30

Кесиптик тажрыйба — келечекке бекем пайдубал

ЖАМУнун Экономика жана укук колледжинин Экономика ПЦКсынын «Каржы (тармактары боюнча)» адистигинин 3-курсунун студенттеринин мамлекеттик практикасынын жыйынтыктоочу конференциясы жогорку деңгээлде өткөрүлдү.

     Конференцияга ЖАМУнун карьераны өнүктүрүү жана өндүрүштүк практиканы уюштуруу бөлүмүнүн башчысы Н.С. Жолдошалиева, экономика жана укук колледжинин өндүрүштүк практика жана карьера жетекчиси Н. Айылчиева, Экономика ПЦКсынын башчысы З.М. Ахмедова, ПЦКнын практика боюнча жетекчиси А. Калмурзаева, ошондой эле аталган адистиктин практика жетекчилери Г.Б. Бекиева, Э.Э. Кадырова жана Б.К. Курстанбекова катышышты.

      Иш-чаранын жүрүшүндө студенттер мамлекеттик практика мезгилиндеги аткарган иштери боюнча мазмундуу презентацияларын слайддар, видеоматериалдар жана практикалык мисалдар менен коштоп, теориялык билимди практика менен айкалыштыра алгандыктарын көрсөтүштү.

   Айрыкча практика өтөө мезгилинде өздөрүнүн жоопкерчилигин, активдүүлүгүн жана ишке болгон чыгармачыл мамилесин көрсөтө алган студенттерге мекеме-ишканалар тарабынан “Ыраазычылык каттар” тапшырылып, алардын эмгеги жогору бааланды. Бул студенттердин келечектеги кесиптик өсүшүнө чоң дем берип, алардын өз адистигине болгон кызыгуусун арттырды.