1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Экономика жана укук колледжи
  4. Жаңылыктар

3 недели назад

43

Кыргызстан жана ШКУ: эл аралык кызматташтыктагы орду 

Экономика жана укук колледжинин Туризм адистигинин ТМк-2-25 тайпасынын куратору Н. А. Айылчиева  “Кыргызстан жана ШКУ: эл аралык кызматташтыктагы орду” аттуу куратордук тарбиялык сабак өттү. Сабака колледждин директору А. А. Ташматова катышты. Сабактын негизги максаты — студенттерге Шанхай кызматташтык уюмунун түзүлүү тарыхы, негизги багыттары, дүйнөлүк саясаттагы орду жана келечектеги мааниси тууралуу кеңири маалымат берүү менен бирге, жаштардын эл аралык кызматташтык, тынчтык, достук жана өз ара түшүнүшүү тууралуу көз карашын калыптандыруу болду.

Сабактын жүрүшүндө студенттер ШКУга мүчө мамлекеттердин кызматташтыгы, уюмдун коопсуздук, экономика, маданият жана билим берүү тармактарындагы жүргүзүп жаткан иштери тууралуу маалымат алышты. Ошондой эле Кыргызстандын эл аралык аренадагы орду, өлкөбүздүн ШКУ менен болгон кызматташтыгы жана анын жаштар үчүн ачып жаткан мүмкүнчүлүктөрү талкууланды.

Тарбиялык сабак студенттердин дүйнө таанымын кеңейтүүгө, мекенчилдик сезимин бекемдөөгө жана глобалдык процесстерге болгон кызыгуусун арттырууга өбөлгө түздү.