1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Экономика жана укук колледжи
  4. Жаңылыктар

3 недели назад

25

ТӨМ жана аскерге чейинки даярдык: жаштарды патриоттуулукка жана сергек жашоого тарбиялоо

2026-жылдын 16-май күнү Экономика жана укук колледжинде 1-курс студенттери арасында аскерге чейинки даярдык боюнча ири спорттук-патриоттук мелдеш уюштурулуп, иш-чара ЖАМУнун Педагогикалык институтунун аянтчасында жогорку деңгээлде өткөрүлдү. Мелдештин негизги максаты — студенттердин күчүн, ылдамдыгын, чыдамкайлыгын жана эптүүлүгүн өнүктүрүү менен бирге аскердик көндүмдөрдү калыптандыруу, өзгөчө кырдаалдарда туура аракеттенүүгө үйрөтүү, командалык ишти жана өз ара жардам берүүнү чыңдоо болду. Ошондой эле жаштарды Ата-Мекенди сүйүүгө, патриоттуулукка,  жана сергек жашоого тарбиялоо иш-чаранын башкы багыттарынын бири катары белгиленди.

Иш-чаранын ачылыш аземине Экономика-укук колледжинин директору А.Ташматова катышып, катышуучуларды Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн түзүлгөндүгүнүн 34 жылдыгы жана Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиш күнүнө карата куттуктады. Ал өз сөзүндө спорт жаштардын ден соолугун чыңдоодо жана тарбиялоодо маанилүү роль ойной турганын баса белгилеп, өткөрүлүп жаткан мелдеш Бириккен Улуттар Уюмунун Туруктуу өнүгүү максаттары менен тыгыз байланышта экенин айттып төмөнкү максаттарды баса белгиледи:

  • 3-максат — “Чың ден соолук жана бакубаттуулук”: студенттер арасында сергек жашоо образын жайылтуу жана физикалык активдүүлүктү арттыруу;
  • 4-максат — “Сапаттуу билим берүү”: жаштарды тартипке, жоопкерчиликке жана командада иштөөгө тарбиялоо;
  • 5-максат — “Гендердик теңчилик”: студент-кыздардын коомдук активдүүлүгүн жана лидерлик сапаттарын өнүктүрүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулганы белгиленди.

Мелдешке 1-курстун командалары катышып, жүгүрүү, тоскоолдуктардан өтүү, жүк көтөрүү сыяктуу тапшырмалар боюнча күч сынашты. Студенттер өздөрүнүн шамдагайлыгын, чыдамкайлыгын жана биримдигин көрсөтө алышты. Күйөрмандардын кызуу колдоосу оюнчуларга дем берип, иш-чара майрамдык маанайда өттү.

Жыйынтыгында: 1-орун — УТк-3-25 тайпасы, 2-орун — УТк-4-25 тайпасы, 3-орун — УТк-6-25 тайпасы ээледи. Жеңүүчүлөр дипломдор жана сыйлоо баракчалары менен сыйланышты. Ошондой эле гиря көтөрүү жана кол күрөш боюнча өзгөчөлөнгөн студенттер да атайын сыйлыктарга татыктуу болушту.

Бул мелдеш студенттердин дене даярдыгын чыңдоо менен гана чектелбестен, жаштардын патриоттук духун көтөрүп, ынтымакты, жоопкерчиликти жана мекенчилдик сезимди бекемдеген маанилүү иш-чара болду.